Ала-Бел ашуусу ачык

Токтогул районундагы «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 19-февралда саат 08:00дө алынды.

Бишкек-Ош унаа жолунда бороон болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кечээ, 18-февралда саат 19:30да №23 ЖТИнин сунушу менен убактылуу чектөө киргизилген эле.