Ала-Белде оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө азыр да күчүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
«Министрликтин жолчулары тарабынан түнү менен тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлдү. Азыркы тапта да жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго, өзгөчө тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары уланууда», — деп айтылат билдирүүдө.