Ала-Бука — Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Жумушчу сапарынын алкагында ал Ала-Бука — Чаткал унаа жолунун абалы менен таанышып, президенттин колдоосу менен аталган автожолду асфальттоо каралганын, иш жакынкы арада башталарын билдирди.

Ала-Бука — Чаткал унаа жолу совет мезгилинен бери оңдолгон эмес. Министр Тилек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаттары жана аймакты тейлеген жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери менен биргеликте Таш-Көмүр — Ак-Суу — Жаңы-Талап унаа жолунун абалы менен таанышып келди. Абалды жеринен көргөн министр алдыда аткарыла турган иштер туурасында кеп козгоп, жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.