Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылында “Бай-Талаа” ири соода-логистикалык борбордун курулушу башталды. Ал Өзбекстандын Наманган облусу менен Кыргызстандын Жалал-Абад облустарынын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жол картасынын алкагында ишке ашууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Аталган соода логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу иш-чарасына министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундар катышкан. “Бай-Талаа” соода логистикалык борбору Наманган облусунун Кара-Суу айылына жакын болгон чек ара аймагында жайгашып, жалпы аянты 20 гектар жерди ээлейт. Анда эки облуста өндүрүлгөн айыл чарба, эт азыктарын сактоо, экспортко чыгаруу, тери менен жүндү кайра иштетүү жана башка бир канча багыттар боюнча иш алып барылат. Мекеменин курулушу аяктаса, анда эки миңдей жумушчу орун түзүлөт. Азыркы учурда борборго керектелүүчү коммуникациялык иштер бүткөрүлүп, 75 метр тереңдиктен суу чыгарылган. Долбоордун биринчи этабын ушул жылдын сентябрь айына бүткөрүү пландалууда.