Ала-Букада Айры-Там — Шекафтар жолунун асфальтталган тилкеси ачылды

20-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагындагы Айры-Там — Шекафтар унаа жолунун асфальт төшөлгөн тилкеси ачылды.
Унаа жол Биринчи май айыл аймагында жайгашкан, анын 3 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Айры-Там — Шекафтар жолу жалпы 16 чакырымды түзөт. Унаа жолдун 5 чакырымы асфальтталган. Анын
ичинен 3 чакырымына быйылкы жылы асфальт төшөлдү. Оңдоо иштери республикалык бюджеттен каржыланды.

Биринчи май айыл аймагындагы калктын саны 15 миң адамдан ашат. Аймак кыргыз-өзбек чек арасына чектеш жайгашкан. Айыл аймактын курамына Айры-Там, Ак-Башат, Алма-Бел, Жаңы-Шаар, Кара-Үңкүр, Ажек, Совет-Сай айылдары кирет.