Ала-Букада күнүнө 120 тонна сүттү кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Бүгүн, 11-июнда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айыл аймагында күнүнө 120 тонна сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар «Арашан» заводу ишке кирди.

Бүгүнкү күндө сүт заводдун жалпы мүмкүнчүлүктөн 10 пайызга жакыны пайдаланылып, күнүнө 18 тонна сүт кайра иштелип жатат. Андан даярдалган азыктар дүңүнөн өндүрүш мекеменин Таластагы филиалына жана Чүй облусуна жеткирилет. Аталган жайларда сүт азыктарынын түрлөрү көбөйтүлүп, экспортко чыгаруу пландалган.

Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурбек Сатаров, мекеме кызматкерлери, башка район жана жергиликтүү бийлик жетекчилери, айыл тургундары катышты. Өкүл алты ай аралыгында ишке кирген сүт заводу да жашоочулардын социалдык-экономикалык дараметин арттырууга чоң түрткү берээрин айтты. Жыл аягына чейин мына ушундай сүттү кайра иштетүүчү заводдор дагы эки райондо ачылаарын кошумчалады.
Завод жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жеке ишкер тарабынан жолго коюлган. Алдыда Аксы жана Чаткал районунда өндүрүлгөн сүттөрдү да чогултуп, тургундардын киреше бөлүгүн арттыруу максаты көздөлүүдө. Алып келинген сүттөр алгач лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлөт. Мекемеде 30га жакын адам жумуш менен камсыздалып, иштөө тартиби боюнча атайын окутуудан өткөрүлгөн.