Ала-Букада сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат (сүрөт)

Ала-Букада сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишкана 2 айдын аралыгында ишке кирет.

«Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Нурбек Сатаровичтин инвесторлор менен сүйлөшүүсү менен районго 2 ай аралыгында суткасына 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат. Ишкана райондогу эски сүт заводдун имаратында жайгашып, баардык керектүү жабдыктар алып келинип, бүгүнкү күндө имаратты оңдоп түзөө иштери жүрүүдө»,- деп айтылат маалыматта.