«Ала-Тоо» аянты аркылуу унаа айдап өтүүгө 8-январга чейин чектөө киргизилди

«Ала-Тоо» аянты аркылуу өтүүгө 21-декабрдан тартып 8-январга чейин чектөө киргизилди. Кечки саат 8ден баштап түнкү саат 1ге дейре Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү унааларга жабык болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымат таратышты.

Тийиштүү токтомго мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон. Маалыматка ылайык, мындай чектөө шаар тургундарынын жана конокторунун коопсуздугу жана коомдук тартипти камсыздоо үчүн кабыл алынган. Мэрия ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, алдын ала бул убакытта аянт аркылуу өтө тургандар маршрутту түзүп алууну суранарын билдирет.