«Ала-Тоо» аянтын Жаңы жылга даярдоо кайсы этапта? Сүрөттөр топтому

Бишкек шаарында борбордук «Ала-Тоо» аянтын жана өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын адистери гирлянддарды орнотуп, жакында майрамдык оюнчуктарды илип башташат. Буга чейин балатынын каркасын “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери орнотушкан. Башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр. Шаардыктардын сунуштарын жана каалоолорун эске алуу менен «Ала-Тоо» борбордук аянтын жасалгалоо концепциясы ыңгайлуу убакыт өткөрүүгө арналган чоң сейилдөөчү зонаны уюштуруу каралган. Аянтты реконструкциялоонун жана иштелип чыккан концепциянын алкагында жаңы жылдык шаарча түзүлөт. Шаардын тургундарын жана конокторун балатынын иштөө мезгилинде мастер-класстар, флешмобдор, концерттер жана башка иш-чаралар күтөт. Аймакты жасалгалоого 1,5 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.

Жакында башкы балаты майрамдык маанайдын символу болуп, шаардыктарды жана Бишкектин конокторун жайлуу жана жандуу жаңы жылдык аянтка чогултат.