«Ала-Тоо» аянтына 40 эмес, 39 нуру бар желек илингенби? Мэриянын жообу

Социалдык тармактын колдонуучулары «Ала-Тоо» аянтына илинген жаңы желекте күндүн нуру 40 эмес, 39 экенин жазып, сүрөт менен бөлүшүп жатышат. Бишкек мэриясы бул боюнча түшүндүрмө таратты.

1-январда саат 07:45те Улуттук гвардиянын офицерлери жана жоокерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жаңы мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Тууну көтөргөндөн кийин Ардактуу кароол кызмат өтөп жаткан жерге кирди. Улуттук гвардиянын инструкциясына ылайык, желекти көтөрүүдөн мурда анын бекитилген техникалык шарттарга шайкештиги текшерилди.

«24.kg сайтында такталбаган маалыматтын жарыяланышына байланыштуу желектеги нурлардын саны дал келбегендиги, желектеги 40 нурдун ордуна 39 гана нур бар экени тууралуу комментарийлер жазылган сүрөттөр интернетке чыга баштады жана туу тууралуу атайылап жалган маалыматтардын кеңири таралышына активисттер да салым кошушкан. 24.kg макаласынын фото иллюстрациясында нурлардын санын ишенимдүү эсептөө кыйын», — деп жазылат мэриянын маалыматында.

Улуттук гвардия көптөгөн маалыматтардан жана талкуулардан кийин, атайын фото жана видео тартуунун коштоосунда коомчулукка туу бекитилген стандарттарга ылайыктуулугун ачык-айкын көрсөтүү максатында жарым мамыга чейин желекти түшүрдү. Мэрия «Ала-Тоо» аянтындагы желек өзгөрбөгөнүн белгилейт.

«24.kg журналисттеринин кесипкөй эместиги, фактчекинг жүргүзө албагандыгы, ошондой эле социалдык тармактын активисттеринин жоопкерчиликсиз жүрүм-туруму коомдо жаңы мамлекеттик желекти ушундай негизсиз каралоого алып келди», — деп жыйынтыкталган мэриянын маалыматы.

Жогорудагы талаш жараткан окуя боюнча президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков да соцтармактагы баракчасында жооп берди.

«Элдер жаңы жыл тосуп, жакындары менен жолугуп, жакшы тилектерин айтып жатса — айрымдар жылдын алгачкы босогосун жалган маалыматтарды таратуу менен баштап жатышат. Аянттагы туунун бир нуру бүктөлүп калган учурун сүрөткө тартып алып, 39 эле болуп калыптыр деп. Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат. Ар кандай кырдаалдан кыйкым издегендер го мейли, адекваттуу эле досторубуз алардын манипуляциясына ишенип алышыптыр. Үйдө отуруп алып ушактарды талкуулабай, барып эсептеп койсоңуздар болот»,- деп жазды ал.