«Ала-Тоо» аянтына илинген жаңы желек кайра түшүрүлдү (видео)

Бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Ала-Тоо» аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышып, желек илинген болчу.

Жергиликтүү ЖМКлар желек кайра түшүрүлгөнүн жазышты. Маалыматка караганда, желек айрылып калган. Ал алмаштырылып, кайра бат эле тагылды.