«Ала-Тоо» аянтында эл жык-жыйма! Милиция коопсуздукту сактап жатат

ИИМдин тийиштүү кызматтары тарабынан 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33-жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча иштеп жатышат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрүндө автоунаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. 31-август күнү коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого республика боюнча ички иштер органдарынын 15 миңден ашык кызматкери иш алып барып жатышат.

Ал эми, Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин 5 миңден ашык кызматкер кызмат өтүүдө.