«Ала-Тоо» аянтында жаңы желек салтанат менен коштолуп көтөрүлдү

default

“Биз – руху күчтүү улуу элденбиз! Ошондуктан, биз дагы урмат-сый көрсөтүү максатында дал ушул бүгүнкү Эгемендик күнүндө мамлекеттик туубузду бийиктикке көтөрүп олтурабыз”,  — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтындагы жаңы мамлекеттик желекти көтөрүү салтанатында белгиледи.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Биз эркиндиктин жана өз алдынча өнүгүүнүн баасын-баркын билели, аны аздектеп сактайлы, кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берели деген асыл максатта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн салтанаттуу белгилөөнүн салтын калыптандырдык. Ал үчүн күнкорсуз, өнүгүп-өскөн Кыргызстанды курууга жан үрөп, керек болсо өмүрүн берген ата-бабаларыбыздын каармандыгына башыбызды ийип, таазим кылабыз. Мына ошол аталардын ишин улоо – биздин ыйык милдет!

Ушул озуйпаны аткарууда жана азыркы Кыргызстандын болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата изги жышаана болсун деп Кыргызстандын толтосу болгон Бишкек шаарынын чок ортосундагы мамлекеттик туубузду 100 метр бийиктикке жеткирип, желбиретип олтурабыз.

Кыргызстандагы өнүгүүлөр улам барган сайын жаңы бийиктиктерге чыгып, кызыл туубуз ар дайым көкөлөй берсин! Эң алды баарыңыздарды улуттун улуу күнү – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эгемендигибизге эч качан доо кетпесин!

Эгемендик жылдарында биз ар кандай учурларга туш болдук. Башка элдин маданиятын сокур көчүрүп алуу менен менталитетибизге, баалуулуктарыбызга каршы келген жат көрүнүштөргө кабылдык.

Анын натыйжасында бизге ыйык делген түшүнүктөрүбүз болушунча чаташып, өлкөбүз бир топ алсырай түштү. Баш бербей, ээн ооз сүйлөөнү элдин эрки деп, анархияны демократия деп калпыс кабыл алып, сөз эркиндигин болсо ушак-айың менен алмаштырып алдык. Капчыгы калыңдар өз кызыкчылыктарын коргоо максатында партияларды уюштуруп, шайлоого аттанып келишкен. Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” дегендер дал ушундай баш адаштырган, азгырма жол менен кетүүнү таңуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз!

Бүгүнкү күндө биз бүткүл дүйнөдө, өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканын күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтаар элем. Ал үчүн бийлик вертикалы күчтүү жана катаал болушу керек. Ал эми бийлик башындагылар Мекен алдында адилеттүү жана жоопкерчиликтүү болушу шарт. Болбосо заман чакырыктары менен коркунучтарына туруштук берүү өтө кыйын болуп калат.

Демократия менен мамлекет башкаруунун, рынок менен мамлекеттик жөнгө салуунун ортосунда акылга сыярлык тең салмакты табууга жетишүү, башка бирөөлөрдүн эрежеси менен жашоодон баш тартуу жана улуттук кызыкчылыктарга кам көрүү – бул авторитаризм эмес. Бул – биз бүгүн чыңдап жаткан эгемен мамлекеттин пайдубалы! Эгемен мамлекет – бул биринчи кезекте өз жарандарынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү күчтүү мамлекет болуп саналат. Мына ошондуктан, ар тараптуу коопсуздукту камсыз кылуу биз үчүн дагы эң биринчи кезектеги маселе! Биз буга терең маани беребиз!

Биз бүгүнкү күндө жаңы Кыргызстанды куруу жолуна түштүк деп ишенимдүү айтып келе жатабыз. Эмне үчүн? Анткени, тирүү организм сыяктуу өлкөбүздүн социалдык, экономикалык жана маданий тармактарын бирин артык, бирин кем көрбөй, баарын катар коюп, текши караганыбызда гана эки канатын бирдей каккан куш сымал ар тараптуу өнүгүүбүз кыйла ыкчамдады. Мунун баары – биздин конституциялык, бюджеттик-салыктык, энергетикалык жана башка реформалар боюнча туура жүргүзгөн иш-аракетибиздин, бийлик вертикалынын консолидацияланышынын, мыйзам үстөмдүгүнүн барган сайын бекемделе баштагандыгынын үзүрү десек эч жаңылышпайбыз.

Ушул жерден Нурлан Шакиев баштаган парламентке, 7-чакырылыштын депутаттарына ыраазычылык билдирип кетейин. Биздин орчундуу чечимдерибизди, ири долбоорлорубузду, реформаларды, мыйзам долбоорлорду кечиктирбестен, куру кыйкырык кылбастан, колдоп келатасыздар. Жыйынтыгында экономикабыздагы, ички жана тышкы саясатыбыздагы иштер тездик менен жылып, ийгиликтерди жаратып жатат.

Тарыхый адилеттүүлүк орноп, “Кумтөр” кени мамлекетке өттү, фискалдык саясат колго алынды, мамлекеттик бюджетти түзүүчү салык, бажы системалары мыйзамдуу жолго салынды.

Ошону менен бирге, эгемендик үчүн эң чоң коркунуч келтирген коррупция менен аёосуз күрөштөн соң, эң эле жөнөкөй маселе эмгек акыларын көтөрүү аркылуу келечек муунду тарбиялоого жооптуу мугалимдерибиз менен улут саламаттыгына кам көргөн дарыгерлерибиздин аброюн арттырдык. Мектеп, оорукана сыяктуу социалдык курулуштар четинен кулачын жая баштады. Ошону менен катар, армиясынын күжүрмөндүүлүгүн тиешелүү деңгээлге көтөрө алдык. Бул бир жагынан мамлекет тарабынан жасала турган көндүм көрүнүш дегенибиз менен, ондогон жылдар бою чечилбей жыйылып келген көйгөйлөр экенин унутпашыбыз кажет. Өткөн жылы өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл 7 айдын ичинде ИДПнын көлөмү 677 миллиард сомду түзүп, экономикабыздын өсүү темпи 8,7 пайызды көрсөтүүдө. Жыл соңунда консолидациялык бюджетибиз 660 миллиард сомдон ашат деп турабыз. Ошентип, биз реалдуу секторду камсыздоого жетиштик. Натыйжада Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетке айланып, эл аралык айдыңда атаандаштыкка туруштук берүүдө өз ордун таба алды.

Албетте, буга жыл башынан тарта ишке киргизилген чакан ГЭСтерибизди эске албаганда, “Камбар-Ата-1” ГЭСи менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу – чын-чынына келгенде өтө чоң келечектүү долбоорлорубуздун көч башында турары эч талашсыз. Бул Кыргызстандын дымагы бийик, мүмкүнчүлүгү зор, келечеги кең мамлекет экенин даана айкындап турары бышык.

Биз бүгүн эгемен мамлекет катары башка өнүккөн мамлекеттер менен тең укукта, өз ара пайдалуу мамиле кыла турган абалга жетип олтурабыз.

Тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирип, жакында “Азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Буга чейин азыркы Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде салтанаттуу белгилөө тууралуу Жарлыгым да чыккан. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун негизделишинин 100 жылдыгы – бул азыркы Кыргызстандын 100 жылдыгы! Ата-бабаларыбыз “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деп таасын белгилеген. Демек, соңку жүз жылдык Кыргызстандын тарыхындагы болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдүн, улуттук умтулуунун 100 жылдыгы болуп калды!

Элибиздин улуттук иденттүүлүгүн сактап калуу жана мамлекеттүүлүккө жасалган маанилүү кадам катары Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн урматына 100 ири өнөр жай жана 100 социалдык обьектини куруу дагы колго алынганын жакшы билесиздер.

Мынакей кечээ күнү реалдуу сектор менен социалдык тармактардын бир топ объектилерин ачып, колдонууга бердик. Өзүңүздөр күбө болгондой, Кеминде “Терек-Таш” цемент заводу, Кадамжайда “Исфайрам-1”, Ноокатта “Курак-Тектир” чакан ГЭСтери, Ат-Башыда “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруучу завод, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабриканын жана башка бир катар өндүрүш ишканаларын, ошону менен катар, жаңы мектептерди, мектептерге кошумча имараттарды, бала бакчаларды, спорт залдарды расмий ачып бердик.

Тизмектелип айтылып жаткан иш-аракеттердин баары Эгемен Кыргызстандын экономикалык өз алдынчалыгын же экономикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган ишенимдүү кадамдардан болуп саналат.

Сөз эркиндигинин, адам укугу менен эркиндиктеринин корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана биз сөз кылып жаткан экономикалык өз алдынчалуулук келип-келип эле Эгемендиктин өзөгүн түзөт.

Мунун баары – Кыргызстандын ырыс-куту, кел-кел ооматы, бар байлыгы жана ыйык дөөлөтү, десек болот! Мына ошондуктан биз ушу тапта өнүгүүгө чын ыкласы менен сапар алган жаңы Кыргызстанды куруу жолундабыз деп ишенимдүү айта алабыз”.