Борбордук «Ала-Тоо» аянтында Жаңы жылды тосууга арналган чоң майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Шаар тургундары жана борбордун коноктору 2025-жылды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев менен биргеликте тосту. Майрамдык концерт чогулган эл үчүн чыныгы белек болду. Сахнада орус эстрадасынын жылдыздары: популярдуу ырчы Клава Кока жана легендарлуу «Дискотека Авария» тобу чыгышты. Алардын жандуу чыгармалары элди энергияга толтуруп, эсте каларлык көз ирмемдерди тартуулады. Концерттик программадан кыргыз эстрадасынын сүйүктүү ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева, Каныкей, Сыймык Бейшекеев, Юлия Руцкая, Расул кызы Айгерим, Баястан, Бегиш, Бек Исраилов жана башка көптөгөн таланттуу аткаруучулардын чыгышы өзгөчө орун алды. Алардын аткаруусу майрамдык маанайды улуттук көркөмдүк жана жылуулук менен толуктады.
2026-жылдын 19-январында УКМК төрагасы К.Ташиев КР жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу деп таанылган жарандар менен жолугушту. УКМКнын...
“Путь в жизнь” реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөөсүнө байланыштуу бир катар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. «Путь в жизнь» реабилитациялык...
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды. Айдоочулардын көп болуп жатканына байланыштуу аталган акциянын чегин алып салышкан. Азырынча кайсы датага чейин...
Ошто 2 жашар бейтап магниттик оюнчуктун 17 даанасын жутуп алган. Бул тууралуу Ош облусттар аралык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти. Маалыматка...
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №87-мектепте мугалим окуучуну урган окуя боюнча текшерүүнү аяктаганын билдирди. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия...