Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт уланууда.
Борбордук “Ала-Тоо” аянты бүгүн шаңга, музыкага, бийге жана жагымдуу чыгармаларга бөлөнүп турат. Сахнада бир нече фольклордук жана хореографиялык топтор, ошондой эле эл сүйгөн ырчылар чыгып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон чыгармаларын тартуулашты.
Учурда миңден ашуун шаар тургундары жана коноктор бул майрамдын күбөсү болушууда.