«Ала-Тоо» аянтында соода кылгандар менен 2,4 миллион сомго келишим түзүлдү

Муниципалдык инспекция «Ала-Тоо» аянтындагы башаламан соода кылгандар менен 2,4 миллион сомго 1 айга убактылуу келишим түздү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейд күн сайын кечки саат 19:00дөн 23:00гө чейин жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында соодагерлер менен 157 келишим түзүлүп, аларга атайын бөлүнгөн жерлерде 1 айлык мөөнөткө соода жүргүзүүгө уруксат берилген. Келишимдердин жалпы суммасы 2 миллион 405 миң сомду түздү. Соодагерлер Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан берилген бейджиктерди тагынып, иш алып барышат.

«Туруктуу эскертүүлөргө жана түшүндүрүү иштерине карабастан, көптөгөн соодагерлер соода эрежелерин бузууну улантууда. Натыйжада, 25 протокол түзүлүп, айып пулдардын жалпы суммасы 75 миң сомду түздү. Мындан тышкары, инспекторлор 397 жаранга мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», — деп кошумчалашты мэриядан.