«Ала-Тоо» аянтындагы 100 метрлик флагштокто Кыргызстандын желеги желбиреди

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы 100 метрлик флагштокто Кыргызстандын желеги желбиреди.

Буга чейин мэрия маалымат таратып, өлкөнүн башкы туусу үчүн бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштоктун тетиктерин орнотуу иштери аяктап жатканын билдирген.

«Ишти жүргүзүү үчүн башка жакынкы өлкөлөрдөн атайын техникалар алып келинген. Буга чейин эски 45 метрлик флагштокту жана ардактуу кароолдун кабинасын демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн»,- дешкен.