«Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатынын чырагы 17-декабрда жандырылат

«Ала-Тоо» аянтындагы өлкөнүн башкы балатысынын чырагы 17-декабрда жандырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарында Жаңы 2022-жылды тосуу боюнча жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча шаардык штабдын жыйынында белгилүү болду.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында шаардык жана облустук кызматтар Жаңы жылга карата даярдыктар боюнча маалымат беришти.