Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатыны жана майрамдык жасалгаларды демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Быйыл өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоого 1,5 миллион сом сарпталган. Мэриянын долбоорунун негизинде аянттын аймагын жеке компания долбоорлоп, ага 16,6 миллион сом сарптаган. Ошондой эле алар «Тазалык» ишканасынын кызматына – 330 миң сом электр энергияга жана сууга, 2,3 миллион сом салык төлөп, жалпы 250дөн ашык адам жумуш менен камсыз болгон.