«Ала-Тоо» аянтындагы флагштоктун айрым бөлүктөрүн түшүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек шаарында «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Учурда өлкөнүн башкы желеги үчүн флагштоктун айрым бөлүктөрүн түшүрүү иштери жүрүүдө.
Флагшток Түркиядагы эң ири заводдордун биринде жасалып, атайын жабдуулардын жардамы менен жеткирилген. Бул полимердик каптоо менен жогорку бекем цинктен болот. Буга чейин эски 45 метрлик мамыны (флагшток) жана ардактуу кароолдун кабинасын демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн. 500 чарчы метр аянттагы гранит такталарын төшөө каралган. Подрядчы — «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагшток орнотуу пландалууда. Инфраструктураны жакшыртуу, борбор калаанын жарандары жана коноктору үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.