"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык майрамдан кийин 5 тонна таштанды чыгарылды (сүрөт)
"Тазалык" муниципалдык ишканасы Жаңы жыл түнү саат бирден таңкы бешке чейин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан 5 тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жалпысынан таштанды тазалоого 60 адам жана 7 техника колдонулган. Ал эми жаңы жыл түнү борбордук көчөлөрдү тазалоо иштерине 500дөн ашык тазалыкчы жана 42 техника тартылган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="156233,156234,156235,156236"]