«Ала-Тоо» аянтындагы жол 1 жума жабык болот

15-майдан тарта «Ала-Тоо» аянтында жолдогу асфальтты жаңылоо иштерине байланыштуу, унаа кыймылы үчүн жол жабык болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол жасоо 24-майга чейин уланат. Жаңы асфальт Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин төшөлөт.