“Ала-Тоо” аянтынын оңдоп-түзөөгө жабылышы. Ардак кароол эмне болот?

Буга чейин Бишкек мэриясы маалымат таратып, бүгүн, 27-апрелде “Ала-Тоо” аянты оңдоп-түзөөгө жабыларын билдирген. Коргоо министрлиги тууну кайтарган Ардак кароолу убактылуу алынарын билдирди.

Эгемендүүлүгүктүн 33 жылдыгына карата 27-апрелден 31-августка чейин “Ала-Тоо” аянты масштабдуу реконструкциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылат, ошондуктан мамлекеттик тууну кайтаруу боюнча кызмат алып барган Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын Ардак кароолу убактылуу алынат.

Архитекторлордун долбоору боюнча Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жаңы флагштоктун бийиктиги 100 метрди түзөт”, — дешти.