«Ала-Тоо» аянтындагы бир катар башаламан жайлар тазаланды

«Ала-Тоо» борбордук аянты башаламан оюн кызматын көрсөтүү жайларынан тазаланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунда оюн кызматын көрсөтүү боюнча башаламан жайлар жоюлду. Анда аянтта мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилер жана оюн конструкциялары алынды. Комиссия 25ке жакын мыйзамсыз объектилерди демонтаж кылды. Акимчилик бул конструкциялардын ээлерине бир нече жолу эскертүүлөрдү берген, ага карабастан мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкен.