«Ала-Тоо» санаторийи Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өттү

«Ала-Тоо» санаторийи Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул кадам өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды. «Дарыгерлердин, медайымдардын жана санитардык кызматкерлердин физикалык жана психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, өзгөчө пандемиядан кийин, мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Жеке өзүмдүн атымдан, ошондой эле республика боюнча 80 миңге жакын медициналык кызматкерлердин атынан президент Садыр Жапаровго медицина кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана алардын иштөө шартын жакшыртууга болгон аракети үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», — деп кошумчалады министр.