Алагозов: «Садыр Жапаров Twitter’де расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат»

Президент Садыр Жапаров Twitter’де расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Мамлекет башчысынын X (Twitter’деги) аккаунту тууралуу «Фейк эмеспи» деген көптөгөн суроолор түшүүдө.  Сиздерге маалымат үчүн билдирип коёлу, президент Садыр Жапаров чын эле X (Twitter’де) расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат.

Twitter — коомчулук жана эл аралык коомчулук менен ыкчам, ачык жана түз байланышуу үчүн эң эффективдүү платформалардын бири болуп эсептелет»,- деп жазды ал.