Алайда дарыгерлер үчүн заманбап жатакана пайдаланууга берилди

Кечээ, 23-апрелде капиталдык оңдоодон кийин Ош облусунун Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун 20 батирлүү жатаканасы расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, райондун акими Чыңгыз Бапаев жана медицина кызматкерлери катышты.

Элчибек Жантаев жатакананын ички шарттары менен таанышып, медицина кызматкерлерин жаңы турак-жайы менен куттуктады. Ал белгилегендей, бул демилге жаш дарыгерлерди облуска тартуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

1977-жылы курулган имарат буга чейин оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү болуп иштеп келген. 2021-жылы “Алай GMP” ишканасынын жетекчилиги тарабынан Ош облусун өнүктүрүү фондуна имаратты заманбап жатакана кылып реконструкциялоо долбоору сунушталып, ал колдоо тапкан.

Оңдоо иштерине облустук өнүктүрүү фондунан 6 миллион 660 миң сом, Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бюджетинен жалпысынан 7 миллион сомдон ашык кошумча каражат бөлүнгөн.

Жатакана төмөнкүлөрдөн турат:

— 12 бир бөлмөлүү батирлер,

— 4 эки бөлмөлүү батир,

— 3 үч бөлмөлүү батир,

— 1 балдар оюн бөлмөсү,

— 4 санитардык түйүндөр,

— 2 ашкана.

Батирлер дарыгерлердин муктаждыгына жараша бөлүштүрүлөт. Учурда жатаканага 14 дарыгер жана 6 орто билимдүү медициналык кызматкер үй-бүлөлөрү менен жалпысынан 53 адам жайгаштырылган.