Алайда ок атуудан жаракат алган аскер кызматкеринин абалы өтө оор

Бүгүн, 9-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Алай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды.

Иш сапардын жүрүшүндө министр калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушу, мекеменин материалдык-техникалык базасы, ошондой эле медицина кызматкерлеринин иш шарттары менен таанышты. Өзгөчө көңүл саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапатына бурулду.

Алгач министр реанимация бөлүмүнө барып, ок атуудан жаракат алган аскер кызматкеринин абалы менен таанышты. Министр бейтаптын жакындары менен да жолугуп, дарылоо процесси тууралуу маалымат берди. Бейтапка өз убагында керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, тармактык адистер тартылган, анын ичинде санитардык авиация аркылуу 7-апрелде Алай районуна Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынан эки нейрохирург жана анестезиолог-реаниматологдон турган адистер тобу жөнөтүлүп, операция жасалган. Учурда бейтап дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө, анын абалы өтө оор деп бааланууда. Министр бейтапты дарылоону өзгөчө көзөмөлгө алып, керектүү адистерди тартуу менен улантууну тапшырды.

Мекемеге болгон сапардын алкагында министр хирургия бөлүмүнө да кирип, бейтаптар менен баарлашып, алардын дарылануу шарттары менен таанышып, кайрылууларын укту. Өзгөчө көңүл кадрдык камсыздоо маселелерине бурулду. Министр мекемеде иштеген жаш дарыгерлер менен жолугуп, медициналык кызматкерлерди колдоо программаларынын алкагында квоталарды кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, министр ведомстволук жатаканада жашаган жаш адистердин шарттары менен таанышты. Жашоо шарттарын түзүү региондорго медициналык кадрларды тартуу жана бекемдөө үчүн маанилүү чара экени белгиленди. Учурда жатаканада 14 дарыгер үй-бүлөлөрү менен жашашат.

Иш сапардын алкагында министр 200 керебетке ылайыкталган жаңы оорукананын курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин да көрүп чыкты. Азыркы учурда долбоор иштелип чыгуу стадиясында экени белгиленди. Министр долбоордук документацияны даярдоону тездетүүнү жана келечектеги медициналык мекемени заманбап жабдуулар менен камсыздоо маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.