Алайкууда кар жиреп барып, жарык берген энергетиктер. «Атам кыйынчылыкка карабай, 15 жылдан бери иштеп келе жатат» дейт кызы

17-18-19 февраль аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү менен суу аралаш кар жаап, Кара-Кулжа районун Алайкуу өрөөнүндө 17-февраль күнү саат 6:00 чамасында жарык үзгүлтүккө учураганын Ош электр тармактар ишканасынан маалымдашкан.

Авариялык кырдаалды калыбына келтирүү үчүн Кара-Кулжа РЭТинин “Терек” бөлүмүнүн устаты Бакыт Курбантаев баш болгон электр эпкерлер карап, кыдырууга чыгышкан. Натыйжада үзгүлтүккө учураган аба чубалгыны таап оңдоп, жарык берилген.

Видеодон атты муздан чыгарып жаткан кишини да көрүүгө болот. Ал 55 жаштагы Турат Ормоков. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын кызы менен байланышканыбызда «Атам жумуштан кеч келип, эрте кетип жатат. Сиздер менен байланышканга убактысы жок болууда» деп, атасы тууралуу айтып берди.

«Биз Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө Кызыл-Жаар айылында жашайбыз. Атам Алайкуу өрөөнүнүн Терек-Суу, Сары-Бээ айылдарынан тартып, баштагы Көгарт айылына чейин электромонтёр болуп иштейт. 15 жылдан бери элдин кызматын кылып жүрөт. Жумушунда кыйынчылыктар болот. 2017-жылдары омурткасы сынган, ошого да карабай жакшы болуп, кайрадан элге кызматын кылам деп иштеп жүрөт.

Видеону тарткан Бакыт Курмантаев электромастер болуп иштейт. Ар дайым көзөмөлдөп барат. Жылуу сөз айтып жаткандарга ыраазычылык билдиребиз. Кар жылда эле көп жаайт, жылда эле суукта жүрүп, ооруп калган күндөрү болот. Айлыгы орто суммада, Кара-Кулжа электромонтёрлорундай эле айлык алат. Аттардын акыбалы жакшы, ошондо муз жарылып кетип, түшүп кеткен экен. Көчкү түшүп, жол жок болгондугуна байланыштуу аттар менен чыгышкан», — деди кызы.

Турат Ормоков менен жубайы 3 кыз жана 2 уулду тарбиялап өстүрүшкөн.