Чүй облусундагы Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоодо жалпы 22 миң 500 куб шагыл-таштандылар чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жогорку Көк-Жар айылынан баштап дарыянын 3200 чарчы метр нугу тазаланды. Тазалоо иштерине ӨКМден 4 экскаватор, Бишкек мэриясынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 5 Howo жана башка инженердик техника тартылган.