Аламүдүн капчыгайына кеткен жигит дагы эле дайынсыз болуп жатат

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө кайрадан бүгүн, 22-январда улантылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн саат 9:30га карата жалпы 273 адам чыкса, анын 163ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу. Алар 5 дрону, 10 техникасы менен капчыгайда издөө ишин башташты. Ал эми ИИМден 110 адам 1 дрону, 4 техникасы менен чыгышты. Жалпы 14 техника тартылды.

14-январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.