Аламүдүн капчыгайында жоголгон жигит. Издөө иштери убактылуу токтотулду

Бүгүн, 20-январда саат 15:00гө карата Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. Издөө иштери 22-январь күнү саат 08:30да улантылат. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Бүгүн, 20-январь күнү жалпы 250 адам издөө ишин жүргүздү. Анын 145и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары (1 кинолог, 1 кызматтык ит, 3 атчан), 6 дрон, 100ү ИИМдин кызматкерлери жана 5 волонтер катышты. Жалпы 18 техника тартылды.

14-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган жаран дайынсыз жоголгон.