Аламүдүн капчыгайында жоголгон туристтер аман-эсен табылышты

Кечээ, 8-май күнү ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгына «Спорттук туризм федерациясы» коомдук бирикмесинин башчысы тарабынан кайрылуу түшкөн. Анда Орусиядан келген 3 турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына (Теплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Маалыматка ылайык, изделип жаткандар 62 жаштагы Е. Л, 58 жаштагы С. Н. жана 62 жаштагы С.Б. аттуу жарандар.

Бүгүн, 9-майда изделип жаткан туристтер аман-эсен табылды. Алар өздөрүнүн Новосибирсктеги тааныштарына байланышка чыгышкан. Үн байланышын утурлай ӨКМ Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери туристтердин турган дарегин болжолдуу видеого түшүрүшкөн. Таң эрте издөөгө чыккан куткаруучулар болжолдуу түшүрүлгөн дарекке карай багыт алышкан. Акыркы алынган маалыматта чет элдик туристтер куткаруучуларга жолугуп, ылдый карай жол баштады.

Издөөгө ККББдан 3 куткаруучу 2 дрон менен, КДМБнын “Эдельвейс” тоодон куткаруу тобунан 7 куткаруучу, Ысык-Ата райондук ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4, жалпы 18 куткаруучу тартылды.