Аламүдүн капчыгайында жоголгон адам табылды

Аламүдүн районунун Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаран табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМге 1991-жылы туулган адам капчыгайга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, жаранды таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Абалы жакшы.