Аламүдүн — Кой-Таш — Арашан унаа жолундагы көпүрөдө каттам жабылды

Бир күн аралыгында Аламүдүн-Кой-Таш-Арашан унаа жолундагы авариялык көпүрөнү айланып өтүүчү каттам берилет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Аталган көпүрө Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Заречная айылындагы Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолунун 0+150 чакырымында жайгашкан. Көпүрө “Кыргыздортрансдолбоор” институтунун тиешелүү кызматкерлери тарабынан текшерүүдөн өткөрүлүп, авариялык абалда экени аныкталган. Ага долбоор түзүлүп, мамлекеттик экспертизага жиберилген.

Бүгүнкү күндө №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аталган көпүрөдө каттам жабылып, тиешелүү иш-чаралар алып барылууда. Унааларга убактылуу Байтик-Дача-Воронцовка айылдары аркылуу альтернативалык каттам камсыз кылынды. Аламүдүн-Кой-Таш-Арашан унаа жолунда бир күн ичинде көпүрөнү айланып өтүүчү жол салынып каттам берилет. Учурда керектүү техникалар тартылды.