Аламүдүн районундагы 34 мектеп дүйшөмбүдөн тартып салттуу режимде иштеп баштайт

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы 34 мектеп дүйшөмбүдөн тартып салттуу режимде иштеп баштайт. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги тастыктады.

Ал эми аталган райондогу Озерный жана Пригородный жаңы конуштарындагы мектептерде окуучу көп болгондуктан, азырынча 1-класстын окуучуларына гана салттуу режимде окууга уруксат берилген.