Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратып, 27-сентябрда Аламдүн районунун Кой-Таш айылында Аламүдүн суусуна кыз киши түшүп кеткенин, 3 күндөн бери издөө иштери жүрүп жатканын билдирген.
Чүй облустук милициясы окуя 27-сентябрда саат 16:33 чамасында болгонун билдирди. Сууга кирип кеткен кыздын 28 жашта экени маалым болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал суу жээгинде жуунуп жатып, тайгаланып кетип сууга түшүп кеткен. Анын жанындагы таанышы жардам берүүгө аракет кылган, бирок жыйынтык болгон эмес. Издөө иштери уланып жатат.