Аламүдүндө жаңы конуштагы суу сактагычка 10 жаштагы бала чөгүп кетти

Кечээ, 20-июнь күнү Аламүдүн районунун Аламүдүн айылындагы Кыргызстан жаңы конушунда жайгашкан суу сактагычка 2011-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Баланын жансыз денеси суудан жергиликтүү тургундар тарабынан чыгарылган.