Аламүдүндөгү үйдөн газ түтүгү жарылып 14 жаштагы бала каза болду

Аламүдүн районунда жайгашкан ГЭС-2 айылындагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылып, 14 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан №68 турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылган. Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган эркек бала каза болуп, 1 киши жабыркаган. Жерине саат 15:00дө Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, саат 15:05те штаб жана газ кызматынан 1 бригада тартылган. Учурда жаракат алган жарандын аты-жөнү такталып жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Каза болгон баланын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми жабыркаган жаран ооруканада. Абалы канааттандыраарлык.