«Алар байкоо салып турушкан». Митингчилерди милиция кызматкерлери кууган деген айыптоо боюнча ИИМ үн катты

Ички иштер министрлиги Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу чыккан митингчилерди жарандык кийимчен милиция кызматкерлери чагымчылдык жаратып кууган деген версияны четке какты.

Белгилей кетсек, 15-апрелде ИИМдин алдында министрдин отставкага кетишин талап кылып митинг өткөрүп жаткандарды 50дөй киши келип кубалаган эле. Алар бейөкмөт уюмдардын Кыргызстанга кереги жок экенин айтып кыйкырып, ИИМ имараты жактан сүрүп чыккан.

Андан соң, журналист Болот Темиров видео жүктөп, митингчилерге каршы чыккандар милиция кызматкерлери экенин жана жогору жактан ар бирине бештен адам чогултууга тапшырма берилгенин айткан.

«Мындай билдирүү жалган жана чындыкка дал келбейт, ойдон чыгарылган ушак деп атоого болот. Чынында эле видеодо ИИМ кызматкерлери бар, бирок алар тынчтык митингине түшкү тыныгуу учурунда өз ыктыяры менен келишкенин белгилей кетүү керек. Тескерисинче, эки тараптын ортосунда жаңжал чыгып кетпесин деп байкоо салып турушкан», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маалымат кызмат Ички иштер министрлиги ар дайым коомдук тартипти камсыздоого жана адамдардын укугун коргоого кам көрөрүн кошумчалаган.