Альбинос Саша Кыргыз: «Казакстандагы «Бир болайык» берүүсүнө кел дегендер көп»

Жакында гана интернет дүйнөсүнө Саша Кыргыз аттуу альбинос жигиттин видеосу тарады. Бат эле интернет жылдызына айланган Саша мырзаны АКШнын президенти Жо Байденге окшоштургандар көп. Учурда тамадалык кызмат өтөгөн, жан дүйнөсү чыгармачылыкты жактырган кыргыздын Жо Байдени менен маек курдук.

«Казакстанга кел, көрүп кет дегендер бар. «Бир болайыкка» кел деп чакырышкандар көп. Буюрса деп коёбуз. Ата-энем туура эле кабыл алат. Эки элдин достугу деп. Балким ошол жактан жазган болсо, ошол жерден табам», — деди ал.