«Алдап кетишти». Предметтик олимпиададан жеңген окуучулар убада кылынган байгелерин бир жылдан бери ала албай келишет

Былтыр февраль айында өткөн окуучулар арасындагы шаардык деңгээлдеги предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү бир жылдан бери Билим берүү министрлиги убада кылган ноутбуктарды ала албай келишет. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SEREP MEDIA маалымат агенттигине ага окуучулар арызданып кайрылышканын айтып, билдирди.

Жактоочуга кайрылган окуучулардын бири, аталган олимпиаданын жеңүүчүсү, окуучу Кылычбек Мамытов Билим берүү министрлиги ноутбуктар жөнүндө алардын суроосуна жооп бербей, четке кагып жатышканын айткан.

“Мен 2020-жылдын февраль айында окуучулар арасындагы шаардык предметтик олимпиадага катышып, биринчи орунду алып, жеңүүчү аталгам. Анда бизге, биринчи орун алгандарга 160 окуучуга ноутбук, ал эми экинчи жана үчүнчү орундарга 281 окуучуга  диплом жана ЖОЖдорго тапшыруудагы жеңилдиктер болоорун айтышкан. Олимпиаданы Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн. Бизге ошол учурда министрдин колу коюлган дипломдор гана берилген. Ноутбуктарды болсо министрлик кийинчерээк беребиз деп айтышкан. Бирок кийин чалып сураганыбызда бул суроого таккыр эле жооп бербей, бизди четке кагышты”, — деп кайрылган мектеп окуучусу Кылычбек Мамытов жактоочу Шердор Абдыкапаровго.

Мындан улам жактоочу өлкөнүн башкы прокурору Курманкул Зулушевге окуучулардын маселесин тез арада өзүнүн көзөмөлүндө чечип берүү суранычы менен кайрылуу кат жөнөткөн.

Ал эми SEREP MEDIA маалымат агенттиги аталган маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда алар пандамемияга байланыштуу байгеге берилчү ноутбуктар чек арада кармалып, келбей калганып айтышып, 10-мартка чейин ноутбуктар ээлерине тапшырылып берилет деп убада кылышты.

“Ноутбуктарды алып берчү, тендерден уткан компания товарды Кытайдан алдыртмак. Ошол мезгилде пандемия башталып, чек аралар жабылып, Кытайдан келчү ал ноутбуктар келбей, ушул убакытка чейин кармалып турду. Жакында компания бизге маалымат беришти. Ноутбуктар чек арадан өттү деп. Буюруса, 10-мартка чейин жеңүүчүлөргө ноутбуктарын тапшырып беребиз”, — деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Илгиз Султанов.