«Алдыда катуу суук болушу күтүлөт». Төрөбаев облустарда электр тармактары ишканалары даяр турушу керектигин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарынын ЖЭБинин учурдагы иштөө режими менен таанышты.

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Осмон Качкынбаев, Бишкек шаарынын ЖЭБинин от казандары жана башка жабдуулары толук кандуу иштеп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди.

Учурда ЖЭБде 100,4 миң тонна көмүрдүн кору бар. Күнүмдүк керектөөсү 6,5 миң тоннага чейин жетүүдө. ЖЭБге күнүнө жергиликтүү жана сырттан 7 миң тоннанын тегерегинде көмүр ташылып  келүүдө.

Маалымат менен жеринде таанышкан Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигине өлкөнүн бардык аймактарындагы кампалар жетиштүү деңгээлде көмүр менен камсыздалып жана анын баасын дыкат көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди. Чүй электр тармактар ишканасынын учурдагы абалы, ишкананын көйгөйлүү маселелери жана 2023-жылга карата пландарын талкуулаган жыйында Бакыт Төрөбаев өлкөнүн жети облусундагы бардык электр тармактары ишканалары алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайына даяр туруу керектигин билдирди.

“Өзгөчө күз-кыш мезгилинде элди электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо энергетиктердин негизги милдети. Келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Андыктан бүгүнтөн тартып Кыргызстандын бардык электр тармактары ишканалары ар түрдү чыңалуудагы көмөк чордондордун жана электр чубалгыларынын ишенимдүү иштөөсүн дыкат көзөмөлгө алыңыздар”, – деди ал.