Алдын ала маалымат боюнча Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өтүүдө

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин – айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Шайлоо саат 20:00дө жыйынтыкталды.

БШКнын сайтында жарыяланган алдын ала маалымат боюнча, Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өтүүдө.

  1.  “Жаны күч — Новая сила» партиясы — 29,45%
  2.  “Эмгек” партиясы  — 22,03%
  3. “Адилет” — партиясы — 15,17%
  4.  “Ынтымак” партиясы — 13,90%
  5. “Эл үмүтү” партиясы — 10,93%

Шайлоочулардын 7,16 пайызы баарына каршы добуш берген. Ал эми «Улуу журт» партиясы 1,33% гана добуш алган. «Социал-демократтар» партиясы шайлоодон четтетилген.

Эми добуштар колго саналат.