«Алдын алуу чаралары көрүлүп жатат». Министрлик маймыл чечек оорусу боюнча абал туруктуу экенин билдирди

Саламаттыкты сактоо министрлиги маймыл чечек оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирди.

15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаалды жарыялады. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында ооругандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчүнөн кыйла ашып, ооругандардын саны 15 миң 600 адамды түзгөндүгү айтылууда. Андан тышкары, ушул жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистанда дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда бүгүнкү күндө маймыл чечек оорусунун катталбаганын жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал стабилдүү экендигин билдирди.