Александр Лукашенко унаасы от албаганы үчүн жыйынга кечигип кала жаздаганын айтты

Беларустун президенти Александр Лукашенко Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына Мерседес унаасынын айынан кечигип кала жаздаганын билдирди.

9-декабрда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүп жатат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Лукашенкону имараттын кире беришинен тосуп алды.