Алексей Навальный тарапташтарын нааразычылык акциясына чыгууга чакырды

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный тарапташтарын 31-январь күнү саат 12:00дө өтө турган нааразычылык акциясына чыгууга үндөдү. Мындай чакырыкты камтыган кат Навальныйдын расмий сайтына жарыяланды.

Путиндин сарайы боюнча иликтөөнү 100 миллион адам көрдү. Нааразычылык акцияга ошол 100 миллион адамдын 2 пайызы чыкса жетиштүү болот. Алар коркутуп-үркүтүүлөрүн дароо токтотушат. Ушул жөнөкөй нерсени түшүнүп, ишембиде чыгып, укугун эстеп, коркуу сезимин унутуп калгандардын бардыгына таазим кылып, аларга ыраазычылык билдирем”,— деп жазган Навальный.

28-январда Москва облустук соту Навальныйдын адвокаттарынын апелляциялык арызын четке каккан.

Буга чейин 23-январда өлкөнүн ондогон шаарларында Навальныйды абактан бошотууну талап кылгандардын акциялары өткөн. Анын жүрүшүндө полиция демонстранттарга карата күч колдонуп, 4000ге жакын киши кармалган. Орус бийлиги бул акциялар уруксатсыз өткөнү үчүн тартип бузгандар кармалганын билдирген болчу.