Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, Кой-Таш окуясынын фигуранты Алга Кылычевдин бутуна ок тийди. Бул маалыматты борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, бүгүн 7-августта эртең менен болжол менен саат жетиде тез жардам кызматынын дарыгерлери милицияга Ак-Өргө конушунун жашоочусу К.А.нын (Алга Кылычев) бутуна ок атылганын билдиришкен. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Бирок алар баргыча Алга Кылычевди Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып кетишкен.
Үйдө Кылычевдин жубайы бар болгон. Анын айтымында, күйөөсү телефондон Т.Т. (Таалай Темиркулов) менен урушуп кеткен. Темиркулов алардын үйүнө барып, Кылычевге телефон чалып, эшикке чыгууну суранган. Кылычев эшикке чыгып бара жатканда артынан аялы да жөнөгөн. Бирок ал аялынан үйдө калууну өтүнгөн.
Болжол менен 10 мүнөттөн кийин Кылычевдин аялы атылган октун үнүн угуп, көчөгө чуркап чыккан. Ал жактан жарадар жолдошун жана унаасына отуруп, кетип бара жаткан Темиркуловду көргөн. Андан кийин тез жардам чакырган.
Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталды.
Ошол эле учурда социалдык тармактарга окуя катталганга чейин 3 саат мурун көзөмөлгө тартылып калган видео жарыяланды.