Алга Кылычов: «Атамбаев экөөлөп Темирланды өлтүрүп, сөөгүн аянтка алып келмекпиз» деп көрсөтмө берүүмдү талап кылышкан»

«Менден Атамбаев тууралуу жалган көрсөтмөлөрдү алгылары келишти». Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин санаалашы Алга Кылычов «Саясий коктейль» берүүсү учурунда билдирди.

Анын айтымында, убактылуу кармоочу жайда кармалып турганда, аны кыйнап, ар кандай көрсөтмө алууга аракет кылышкан.

«Атамбаев спецназды атты» деп айт. «Темирлан Султанбековду Атамбаев болуп өлтүрмөкпүз, анан анын сөөгүн алып келип, аянтка алып келмекпиз» деп айт дешти. Мен мунун баарын аткарсам, өздөрү убада кылгандай 3 күндө чыгарып жиберишмек. Бирок буга макул болбогонумдан 3 ай убактылуу кармоочу жайда отурдум», — деди Алга Кылычов.