Али Токтакунов: «Дача-СУ кырсыгы боюнча УКМК, ИИМ, Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү толук маалымат бере алышкан жок»

«Дача-СУ кырсыгы боюнча коомдук комиссиянын жыйынынан чыктым. Ал 3,5 саатка созулду. Бүгүн УКМКнын, ИИМдин жана Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнө суроо бердик. Алар канааттандырарлык жооп бере алышкан жок». Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Али Токтакунов билдирди.

«Ошондуктан кийинки отурумга тийиштүү органдардын жетекчисин жана анын орун басарларын чакырдык. Ошолордон маалымат алабыз», — деди ал.